Жалган курандын 28, 2024
Убакыт: 23:02
USD
89.40
89.87
EUR
96.20
97.20
RUB
0.960
0.985

Мектептерде кылмыштуулуктун санын кыскартуу боюнча жыйын өттү

16.03.2023 11:50
143
Мектептерде кылмыштуулуктун санын кыскартуу боюнча жыйын өттү

15-мартта билим берүү жана илим министринин орун басары Токтобүбү Ашымбаева жана Ички иштер министрлигинин Коомдук коопсуздук кызматы бөлүмүнүн башчысы Нуржан Адылова мектеп окуучулары арасындагы укук бузууларды, кылмыштуулукту алдын алуу иштерин күчөтүү боюнча онлайн жыйын өткөрдү.


Жыйынга Бишкек жана Ош шаардык билим берүү башкармалыктарынын, облустук усулдук билим берүү борборлорунун жана институттарынын, райондук/шаардык билим берүү бөлүмдөрүнүн башчылары катышты.


Министрдин орун басары Токтобүбү Ашымбаева окуучулар арасындагы укуктук бузууларды, кылмыштуулукту алдын алуу үчүн тиешелүү профилактикалык иштерди күчөтүү керектигин айтты.


“Окуучулар арасында опузалоо, топтошуп мушташуу жана балдарга карата зомбулук көрсөтүү фактыларына бөгөт коюу, алдын алуу боюнча иш-чараларды бардык жалпы билим берүү уюмундарында өткөрүү талабы коюлат. Ошондой эле балдар кызыккан тармактар боюнча түрдүү иш-чараларды уюштурууну активдештирүү зарыл”, - деди министрдин орун басары.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн