Жалпы билим берүү мекемелерине окууну кадимки тартипте улантууга уруксат берүү керек. Мындай пикирин Жогорку Кеңештин 3-сентябрындагы жыйынында вице-спикер Аида Касымалиева билдирди.
Анын айтымында, алгач жеке мектептерге уруксат берүү зарыл.
"Өлкөдө 114 жеке билим берүү мекемелери бар болсо, аларда 24 миң 366 окуучу билим алат экен. Азыр окууну онлайн форматка өткөрүү менен көптөгөн көйгөйлөр чыгууда. Кээ бир айылдарда, жаңы конуштарда сыналгы, компьютер же телефон жок деген сыяктуу көйгөйлөр болууда. Бул маселелерди чечүүнү жергиликтүү бийликке жүктөп койдуңар. Каражаты жок болсо, алар аны кантип чечишет?
Ошондуктан коронавирустун экинчи толкуну болот деген божомолду эске алып, тиешелүү санитардык тартиптерди сактоо менен алгач жеке мектептерге окууну кадимки тартипте улантууга уруксат берүүнү карап чыгуу керек. Андан кийин жалпы билим берүү мекемелерине мүмкүнчүлүк берүүнү карап чыгууну сунуштайм", - деди Аида Касымалиева.
Пикирлер (27)