Бугу 17, 2024
Убакыт: 15:59
USD
88.30
89.20
EUR
95.50
96.50
RUB
0.960
0.980

Мелис Аспеков абактан кат жазды: Сыймык, сак бол, сени да мага окшоп камап салышы мүмкүн

13.05.2021 11:58
1183
Мелис Аспеков абактан кат жазды: Сыймык, сак бол, сени да мага окшоп камап салышы мүмкүн


УКМКнын Коррупцияга каршы күрөшүү кызматынын башчысы Бекболсун Абсатаровду татыксыз берилген генералдык чининен ажыратып, токтоосуз ээлеген кызматынан кетишин талап кылам.


Мени УКМКнын абагында мыйзамсыз, заказ менен камап, кыпындай күнөөм жок отурганыма 5-ай кетти. Жогору жактан тергөөчүгө басым болгондуктан, ал эптеп болбогон ишти токуп, 3-ай кыйналып сотко 1-том кылып өткөрүп берди.3 айдын ичинде Коррупцияга каршы күрөшүү кызматынын башчысы, татыксыз генералдык чинге ээ болгон Бекбосун Абсатаровдун түзмө- түз буйругу менен, бөрк ал десе баш алган Коррупцияга каршы күрөшүү кызматынын кызматкерлери,мени кыйнап бүтүштү.


Талап кылгандары - тергөө менен кызматташып, Сыймык Жапыкеевге жалган жалаа жаап, чындыкка дал келбеген көргөзмө алуу.


Ошондо гана мени үй камагына бошотобуз деген, адамгерчиликке жатпаган ыкмаларын кылышууда.


Арам максаттарына жетиш үчүн мага психологиялык жана физикалык жактан залака келтиришти.


Жапыкеевге жалган көргөзмө бериш бат эле, бирок кийин Сыймыктын бетин мен кантип караймын, акыретте Кудайдын алдында кантип жооп берем? Бала кезден бери коррупция менен күрөшүп келип, мамлекетке бир тыйын зыян келтирбей,ал эми чоңоюп, күчкө толгон кезде, зөөкүрлөрдун басымына чыдабай сынып калсам, мен өзүмдү кечирбеймин жана мындан ары чынчыл адам катары жашашымдын кажети жок.


Дал ушундай татыксыз, жасалма оюнчук генералдар, биздин өлкөнүн чолок кадр саясатына кара булут каптатып жатат. Профессионал болбосо, ушинтип кара күчкө салып каракчылык кылат экен.


Тергөөдө акыйкаттык орун алып,менин ишим кыскарат деген өчпөс үмүтүм бар эле, андай болгон жок.


Мындан мурун Абдиль Сегизбаева айтып чыккан эле,бул Абсатаровдун журналист Геннадий Павлюктун Алматы шаарында,чекисттердин колунан каза тапканына түз байланышы бар деп.


Эркин Булекбаев аганын айтканы эсимде, 2010жылдагы төңкөрүшко чейин,бул Бекбосун бизди аңдып, күн көрсөтчү эмес дегени.Ушул эргулдун кылыктарын билген Садыр Жапаров кайсыл кыйраткан иши үчүн генералдыкты берди?! Же 15кг бок курсагы үчүнбү?


Дегиле кадр саясаты кайда баратат?


Менден бөлөк каржы полициясынын ондой кызматкерлери камалып отурушат, теңи бошоп кетти. Аларга дагы Сыймык Жапыкеевге жалган көргөзмө берсеңер, бошотобуз деп ар бирине сунуш түшкөн.


Ким билет, балким арасында, Абсатаровдун кысымдарына чыдабай, калп жалаа бергендери болушу мүмкүн.


Айтаарым Сыймык, сак бол, сен бул айласын таппай, келечеги бүдөмүк бийликтин, ыңгайсыз адамы экенсиң.


Жакынкы арада сени дагы,мага окшоп,калп кылмыш ишин токуп,камап салышы мүмкүн.


Уландысы болот.


Мелис Аспеков. УКМК абагынан.

Редакциядан: Автордун пикири редакциянын көз карашын билдирбейт

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн