Бугу 17, 2024
Убакыт: 15:59
USD
88.30
89.20
EUR
95.50
96.50
RUB
0.960
0.980

Мелис Аспеков ачкачылыгын токтоткону айтылууда

04.07.2022 09:43
369
Мелис Аспеков ачкачылыгын токтоткону айтылууда


Бишкектеги №1 тергөө абагында отурган жарандык активист Мелис Аспеков ачкачылыгын токтотконун акыйкатчы Атыр Абдрахматова билдирди. 2-июлда омбудсмен “Фейсбуктагы” баракчасына Аспеков менен жолугуп чыкканын жазды.

“Кургак ачкачылык жарыяладым деп арызы мага түшкөн. Ачкачылыгын азыркы учурга токтоткон. Ден соолугуна байланыштуу учурунда медициналык кароого муктаждыгын, былтыркы инфаркттан кийин реабилитация дагы эле өтпөгөнүн айтты” деп билдирген Абдрахматова активисттин ар бир сот процессине мониторинг жүргүзүлүп келатканын кошумчалады.

Аспеков Бишкек шаардык сотунда 21-июнда өткөн отурумда судьяга нааразылык билдирип, аны алмаштыруу талабы менен ачкачылык жарыяларын айткан.

Эске салсак, Аспеков 2021-жылдын январында “Кыргыз темир жолу” мамлекеттик ишканасынын жетекчилигинен 250 миң доллар талап кылган деген шек менен кармалган

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн