Бишкек шаардык соту Мелис Аспековду абакта калтырды. Бул тууралуу 24.кг агенттиги билдирди.
Маалым болгондой, Аспековдун жактоочусу Биринчи Май райондук сотунун чечимине каршы шаардык сотко кайрылган. Бирок шаардык сот биринчи инстанциядагы соттун чечимин күчүндө калтырды. Ага ылайык, Аспеков СИЗО-1 абагында кармалат.
Эске салсак, Мелис Аспеко январь айында 250 миң доллар талап кылуу фактысы менен кармалган.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн