Жарандык активист Мелис Аспеков кайрадан кармалып, эки айга камалды. Маалыматты Биринчи май райондук соту тастыктады.
Билдирүүгө ылайык, Аспеков массалык башаламандык уюштурууга даярдык көрүү беренеси менен айыпталууда.
Ал ИИМ тарабынын 27-сентябрда кармалган, тергөөчү аны камакка алуу өтүнүчүн келтирген. Натыйжада баш коргоо чарасын караган Биринчи май райондук соту жарандык активистти 27-ноябрга чейин Жаза аткаруу кызматынын №21 мекемесине (Бишкектеги №1 Тергөө абагы) киргизүү чечимин чыгарган.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн