Чын курандын 25, 2024
Убакыт: 16:30
USD
88.90
89.70
EUR
94.80
95.80
RUB
0.950
0.975

Мелис Аспековдун иниси: Байкемди камоо саясий чечим, анын күнөөсү жок

19.01.2021 11:17
918
Мелис Аспековдун иниси: Байкемди камоо саясий чечим, анын күнөөсү жок

Байкемди камоо саясий чечим, анын күнөөсү жок. Мындай пикирин УКМК тарабынан кармалган активист Мелис Аспековдун иниси Азамат Аспеков АКИпрессте берген маалымат жыйынында билдирди.


"Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталган маалыматты карасаңыздар. Ал жерде Мелис Аспековго карата жазылган арыз жок. Ал эми Улан Жураевге карата арыз бар. Биз арызды сиздерге көрсөтсөк болот. Бул саясий чечим болду. Байкемдин эч кандай күнөөсү жок, кудай алдында, элинин алдында таза", - деди Азамат Аспеков.

Пикирлер (1)

Коопсуздук коду
Таа
Кармалса еле саясий чечим дей койушат.