Чын курандын 26, 2024
Убакыт: 16:50
USD
88.90
89.70
EUR
95.00
96.00
RUB
0.955
0.980

Мелис Аспековдун иши боюнча Тилекмат Куренов көрсөтмө берди

15.06.2021 19:02
1033
Мелис Аспековдун иши боюнча Тилекмат Куренов көрсөтмө берди

"Кыргыз темир жолу" мамлекеттик ишканасынан пара талап кылууга шектелген активист Мелис Аспековдун соттук отуруму уланды. Соттук отурум Биринчи Май райондук сотунда өттү. 


Маалым болгондой, соттук отурумда "Туран" партиясынын тең төрагасы Тилекмат Куренов көрсөтмө берди. Бул тууралуу ал "Азаттык" үналгысына билдирген. 


“2020-жылы ноябрда "Кыргыз темир жолу" ишканасынын жетекчиси Василий Дашков жумуштан кетсин, камалсын деп митинг кылганбыз. Садыр Жапаров “митинг кылган балдарды алып кел” деп айтыптыр. Анан бизди Мелис Аспеков Жапаров менен жолуктурган”,- деди Куренов.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн