Бугу 18, 2024
Убакыт: 12:01
USD
88.20
89.10
EUR
95.40
96.40
RUB
0.960
0.975

Мелис Аспековдун ишин караган тергөөчү камалды

07.07.2021 11:08
602
Мелис Аспековдун ишин караган тергөөчү камалды

Мелис Аспековдун ишин караган тергөөчү камакка алынды. Бул тууралуу Аспековдун иниси Азамат Аспеков Фейсбук баракчасы аркылуу билдирди. 


Анын айтымында, тергөөчү коррупциялык иштерге аралашкан.


"Мелис байкеме акыркы эки мыйзамсыз, бир акыйкаттыгы жок кылмыш ишин токуган тергөөчү бүгүн 2 айга аскер прокуратурасы тарабынан камакка алынды. Бизге жеткен маалымат боюнча, чоң суммадагы тергөөнүн каражатын жок кылып коюптур. Кудай бар, ал көрүп турат чындык ким тарапта экенин. Жалаа жапкан Дашков, ал аз келгенсип анын баласы дагы азыркы учурда камакта. Байкем болсо көгөрүп отурат, тергөө менен кызматташпаймын, эч кимге эркиндик үчүн жалган көргөзмө бербеймин, мени толук актамайынча чыкпаймын, менин кыпындай күнөөм жок деп. 

Эсиңиздеби агамды берген 100 сом үчүн соттогон судья Турдукожоев, бир аз өтпөй өзү соттолуп камалып кеткен. Кудайга койдук бул адамдарды. Бул маалыматты иниси Азамат Аспеков бөлүштү", - деп жазылат Аспековдун маалыматында.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн