Активист Мелис Аспековго Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет 14-майда Жазык кодексинин “Алдамчылык” деген беренеси менен экинчи кылмыш ишин козгогону белгилүү болду. Бул иштин алкагында бүгүн 21-майда Биринчи Май райондук сотунда Аспековдун бөгөт чарасы каралууда. Бул тууралуу "Азаттык" билдирди.
Тергөөнүн маалыматы боюнча ал 2016-жылы бир жарандан батир алып, акчасын бербей койгон.
Мелис Аспековдун жактоочусу Сергей Манукян тергөөчү аны №1 тергөө абагына которуу боюнча өтүнүч келтиргенин айтты.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн