Бугу 19, 2024
Убакыт: 12:11
USD
88.20
89.10
EUR
95.40
96.40
RUB
0.960
0.975

Мелис Турганбаев: Кызды өлүмгө жеткирбей куткарып калса болмок

08.04.2021 19:20
929
Мелис Турганбаев: Кызды өлүмгө жеткирбей куткарып калса болмок

Айзаданын өлүмүнө жеткирбей, аны куткарып калса болмок. Мындай пикирин мурдагы Ички иштер министри Мелис Турганбаев Би-Би-Си кызматына билдирди.


Анын айтымында, "План перехватты" берип кызды куткарып калса болмок.

"Бул окуя боюнча дал ошол аймактык милиция бөлүмү алдын ала жакшылап иштеши керек болчу. Эми азыр көчөнүн баары эле камера. Ыкчам иштей калышса болмок экен да. Жанагы кызды уурдап жаткандар камерага түшкөн экен, машиненин номуру турат. "План перехват" дегенди берип туруп эле, камера менен издеп оперативдүү топтун ошол күнкү нөөмөтү иштеши керек болчу. Мен окуп көрдүм, алдын алып калууга мүмкүн болгон экен. Убагында колго түшүрүү планын берсе эле колго түшмөк да. Азыр жаңы патрулдук милиция жакшы эле иштеп жатпайбы",- деди мурдагы министр.


Ал эми министрдин жоопкерчилги боюнча мындай пикирин билдирди: "Министрдин го иши көп да. Аймактык милиция бөлүмү, шаар жакшы иштеши керек болчу. Ошол райондун милициясы жакшы иштеш керек эле. Видео, машине номери турат. "План перехват" деген берилген эмес го деп турам. Кайрылганда дароо изин суутпай иштесе муну кармап алышмак. Бул ишти карабаган соң кандай чаралар көрүлгөнүн так билбей турам. Эгер Кара-Балтага чейин барып келгени чын болсо жолдун баары эле камера да. "Ориентировка" бериш керек эле. Эч жерде "ориентировка" жок болсо анда райондук милициянын жетекчилигине катуу чара көрүү керек. Жоопко тартуу керек".

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн