Аяк оона 20, 2024
Убакыт: 23:44
USD
84.00
84.50
EUR
93.30
94.30
RUB
0.900
0.940

“Мен ПАТРИОТ” аталышындагы турнирде ИИМдин “Шумкар” Атайын багыттагы полкунун кызматкерлери 17 медалдын ээси болушту

22.02.2021 13:10
805
“Мен ПАТРИОТ” аталышындагы турнирде ИИМдин “Шумкар” Атайын багыттагы  полкунун кызматкерлери 17 медалдын ээси болушту



“Мен ПАТРИОТ” деген аталышындагы Ата-Мекенди коргоо күнүнө карата аскердик кол кармашып урушуу боюнча эл аралык турнир 2021-жылдын 20-21-февраль күндөрү “Газпром” спорт комплексинде күч түзүмдөрүнүн кызматкерлеринин катышуусунда өткөн. Турнир  Аскердик кол күрөш федерациясы  тарабынын уюштурулган. Бул тууралуу ИИМдин “Шумкар” Атайын багыттагы полкунун  басма сөз кызматы билдирди.


Күч түзүмдөрүндө чыныгы мырзалар кызмат өтөөрү анык. Кызматкерлер физикалык жактан чымыр денелүү, жүрөгүндө жалыны бар эр азаматтар экендигин эч ким тана албайт. Турнирде ИИМдин “Шумкар” Атайын багыттагы полкунан 65 кызматкери ар кандай салмакта күч сынашып, анын ичинен 17 кызматкер  байгелүү орундарды камсыздашты.  17 медалдын ээлерин полктун жалпы өздүк курамы куттуктап,  мындан ары дагы спортто ийгиликтерди каалашып, кызмат менен спортту эриш-аркак бирге алып жүрүүлөрүнө тилектештигин билдиришти.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн