Аяк оона 20, 2024
Убакыт: 06:52
USD
84.20
84.70
EUR
93.50
94.50
RUB
0.890
0.940

Мен сени сүйөм... Эгер адамдар ушул үч сөздү ойлоп табышпаганда, тасмалардын тең жарымы, китептердин үчтөн экиси жаралмак эмес

25.01.2024 11:26
246
Мен сени сүйөм... Эгер адамдар ушул үч сөздү ойлоп табышпаганда, тасмалардын тең жарымы, китептердин үчтөн экиси жаралмак эмес


Кээ бир тасмалар ак-кара түстө болушу керек. Көп түс өтө эле кооздоп салат, атүгүл таштанды челек да таптаза, жаркырак болуп көрүнүп калат. 

(Марлен Дитрих)


Кино туулганда эле дудук болчу. 

(Тристан Бернар)


Кино жарманкеде жаралган, жүз жылдан кийин ал кайра эле жарманкеге кайтып барды. 

(Агнешка Холанд)


Тасма калем менен эмес, камера менен жазылат. 

(Кинг Видор)


Камера секундасына 24 жолу калп айтат. 

(Брайан Де Пальма)


Кино көрөрманды кинодо отурганын унутуп койгондой кылышы керек. 

(Роман Полански)


Сюжети жөпжөнөкөй сүйүү жөнүндө болсо да ар бир тасма триллер болууга тийиш. 

(Бернардо Бертолуччи)


Турмуш мени эмнеге үйрөттү? Өмүр ушунчалык кыска, ал эми фильмдер болсо өтө эле узак турбайбы...

(Денис Лири)


Көркөм тасмада режиссер – бул Кудай, документалдуу тасмада Кудай – режиссер. 

(Альфред Хичкок)


Фотография – бул чындык. Ал эми кино секундасына 24 кадр чындык. 

(Жан Люк Годар)


Фильм жер титирөөдөн башталып, чыңалуу улам күчөп отурушу керек. 

(Сэмюэл Голдвин)


Фильмдин башталышы, ортосу, соңу болууга тийиш. Бирок, сөзсүз эле ирети менен эмес. 

(Жан Люк Годар)


Мен мурда кинодрама – бул каарман аялдын ыйлаганы деп ойлочумун. Көрсө, мен жаңылыптырмын. Кинодрама – бул көрүүчүлөрдүн ыйлаганы экен. 

(Фрэнк Капра)


Фильм – турмуштун бир үзүмү эмес, пирогдун бир кесими. 

(Альфред Хичкок)


Жакшылык, адамгерчилик фотогеничный эмес. 

(Кёрк Дуглас)


Жаман тасмага тартылуу түбүлүктүүлүккө түкүргөндөй эле кеп. 

(Фаина Раневская)


Фильмдин узактыгы көрөрмандын табарсыгынын чыдамдуулугу менен өлчөнөт. 

(Альфред Хичкок)


Бул тасманы төртүнчү жолу көрүп жатам, мен силерге айтып коёюн, актёрлор бүгүн өзгөчө жакшы ойношту. 

(Фаина Раневская)


Мен киномектептен окуган эмесмин, мен киного барчумун. 

(Квентин Тарантино)


Кызык ээ, адаттан тыш, таңкалычтуу бир нерсени көргөндө мээңе дароо “кудум кинодогудай” деген ой келет. 

(Евгений Гришковец)


Мен сени сүйөм... Эгер адамдар ушул үч сөздү ойлоп табышпаганда, тасмалардын тең жарымы, китептердин үчтөн экиси жаралмак эмес. 

(Сирил Массаротто)


Режиссер Колумб сыяктуу. Бүт команда үйгө кеткиси келип атканда, ал Американы ачкысы келет. 

(Федерико Феллини)


Америкалыктар мага дайыма кайдагы бир шүмшүктөрдүн ролун беришет. А мен болсо алардан өч алып, ал шүмшүктөрдү огобетер жек көрүндү кылып салам. 

(Венсан Кассель)


Жакшы фильм жаратыш үчүн үч нерсе керек – сценарий, сценарий жана сценарий. 

(Альфред Хичкок)


Эгер сен мени түшүнгүң келсе, менин тасмаларымды көр. 

(Чарли Чаплин)


Кино сени ойлондурууга тийиш. Бирок, бүгүнкү тасмалардын көбү тамак жегиңди гана келтирет. 

(Робин Райт)


Кинотеатрдын ичи караңгы болуп турганда кино өлбөйт. 

(Самуэль Голдвин)


Бөбөктөр менен иттер кинодогу эң мыкты актёрлор. 

(Чарли Чаплин)


Фильм деле балаң сыяктуу, “мунусу жакшы, мунусу жаман” деп кантип айтасың?

(Алла Ларионова)


Ар кандай эле адамдын өмүрү жөнүндө кино тартса болот, бирок ага көрүүчүнү кайдан табасың?

(Дмирий Скирюк)


Кино эч кимдин өмүрүн сактап калган эмес. Ал адам өмүрүн сактачу дары эмес да. Ал болгону бир аспирин. 

(Люк Бессон)


Менин француз киносуна боорум ооруйт, себеби акчасы жок. Ал эми Америка киносуна боорум ооруйт, себеби, идеясы жок. 

(Жан-Люк Годар)


Менин бир тасмам “Чындык сымал калп” деп аталат. Демократиялык партиянын съездине сонун аталыш болмок ээ?

(Арнольд Шварценеггер)


Учурунда көп киши көргөн фильмдерди азыр эч ким эстебейт. А мен эч ким эстебеген тасмаларды тарткым келбейт. 

(Джейк Джилленхол)


Театр менен кинонун айырмасы фортепиано менен скрипкадай эле. Эки аспапта тең бирдей жакшы ойноо мүмкүн эмес. 

(Этел Барримир)


Мен сценарий жазып жатканда бүт фильм мээмде даяр болуп калат. 

(Такеши Китано)


Бир жолу Ташкенттен Татьяна Лиозневанын “Жаздын он жети көз ирмеми” тасмасын өзбек тилинде көрүп калдым. Борман фюрердин кабинетине киргенде колун өйдө сунуп, «Салам алейкум, Гитлер ага!» десе болобу... 

(Георгий Данелия)


Сынчы менен жөнөкөй көрөрмандын айырмасы эмнеде билесиңерби? Сынчы кинону акысыз көрөт. 

(Чарльз Буковски)


Мага оор жарадар болгон киши ооруну басаңдатчу дарыга кандай муктаж болсо, дүйнө да кинематографга ошондой муктаждай сезилет. 

(Вим Вендерс)


Кино – дүйнөдөгү эң ажайып алдамчылык. 

(Жан-Люк Годар)


Мастын ролун ичпеген киши гана жакшы ойной алат. 

(Георгий Вицин)


Мамат Сабыров 

Булак: "Азия Ньюс" гезити

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн