Бугу 19, 2024
Убакыт: 15:48
USD
88.20
89.10
EUR
95.40
96.40
RUB
0.960
0.975

Менчикке мыйзамсыз берилип кеткен Эне жана баланы коргоо улуттук борборунун жери кайтарылды

28.03.2023 11:27
259
Менчикке мыйзамсыз берилип кеткен Эне жана баланы коргоо улуттук борборунун жери кайтарылды




Бишкек шаарынын Ленин райондук прокуратурасы тарабынан тергелип жаткан кылмыш иштин алкагында 58 млн 150 миң сомду түзгөн жер тилкелери мамлекетке кайтарылды.


Башкы прокуратуранын маалымат кызматы билдиргендей, тергөө учурунда, 2007-жылы Бишкек шаарынын мэриясынын Ленин райондук администрациясынын кызмат адамдары өздөрүнүн кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланышып, жер мыйзамдарынын талаптарын одоно түрдө бузушуп, Саламаттык сактоо министрлигине караштуу Эне жана баланы коргоо улуттук борборуна таандык жер тилкелерин жеке турак жай куруу үчүн айрым жарандардын жеке менчигине берип жиберишкендиги аныкталган.


Тергөөнүн жүрүшүндө, жарандардын жер тилкелерге болгон жеке менчик укуктары жокко чыгарылып, мамлекеттин карамагынан мыйзамсыз чыгып кеткен кыймылсыз мүлктөр кайтарылды.

Учурда тергөө амалдары улантылууда.



Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн