Бугу 17, 2024
Убакыт: 09:20
USD
88.30
89.20
EUR
95.50
96.50
RUB
0.960
0.980

Мени шылдыңдап, кыйнаганды токтоткула! Атамбаев кайрадан айнекти тээп, аны сот залынан алып кетүүнү талап кылды

08.04.2022 10:55
781
Мени шылдыңдап, кыйнаганды токтоткула! Атамбаев кайрадан айнекти тээп, аны сот залынан алып кетүүнү талап кылды

Бүгүн, 8-апрелде Биринчи Май райондук сотунда октябрь окуялары боюнча соттук отурум өтүүдө. Ага мурдагы президент Алмазбек Атамбаев алынып келинди.


Атамбаев сот залында аны алып кетүүнү талап кылды.


"Менин омурткамда 3 грыжа бар. Мен бул жерде отура албайм. Мени сот залына алып келип, кыйнап, шылдыңдаганды токтоткула. Башаламандыкты токтоткула.

Мени өмүр бою камагыла. Бирок бул жерде кыйнабагыла",- деп айнекти тээп баштады.


Сот Атамбаев соттук отурумдун эрежесин бузган үчүн аны сот залынан чыгарууну чечти.

Пикирлер (1)

Коопсуздук коду
Таалайбек
Ушул биздин кун карама сотторду кантип ондойбуз канча жыл болду кунолуу болсо жазасын бериш керек та жок болсо акташ керекта бироонун буйругун бутпой