Бишкектеги ышты жоюу үчүн унаалардын катализаторлору жапырт алмаштырылышы мүмкүн. Бул тууралуу вице-мэр Таалайбек Байгазиев билдирди.
Анын айтымында, мэрия кытайлык Циндао институту менен меморандумга кол койгон. Анын алкагында шаардагы көмүр менен иштеген отканалар Циндаодо жасалган отканаларга алмаштырылып, унааларга катализаторлорду алып келүү каралып жатканы айтылды.
Циндаодо жасалган отканалар деле көмүр менен иштейт, бирок көмүр толугу менен калдыксыз күйүп кетет, чыпкалоочу фильтрлер дагы бар. Ал эми катализаторлор унаанын моторунун көлөмүнө карата 4,8 миң сомдон 6,9 миң сомго чейин болору айтылды.
"Пилоттук долбоордун алкагында Циндаодон бир нече катализатор алдык. Жайында бир унаага орнотуп, кечээ комиссия менен текшерсек сапаты жакшы болуп чыкты. Бишкектин ичинде бир күндө 750 миңдей унаа айланат. Азыр ушуларды текшергенге программа иштеп чыгып жатабыз", — деди Байгазиев.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн