Аяк оона 20, 2024
Убакыт: 11:42
USD
84.20
84.70
EUR
93.50
94.50
RUB
0.890
0.940

Мэрия Бишкектин көчөлөрүндөгү чуңкурларды жамап жатат

22.03.2024 13:16
290
Мэрия Бишкектин көчөлөрүндөгү чуңкурларды жамап жатат


Борбор калаада аң-чөнөктөрдү жамоо иштери уланып жатканын муниципалитеттин маалымат кызматы билдирди.


"Бишкекасфальтсервис" муниципалдык ишканасынын бригадалары Дэн Сяопин проспектисинин Алыкулов көчөсүнөн Фучик көчөсүнө чейин, Чүй проспектисинин Фучик көчөсүнөн Павлов көчөсүнө чейинки бөлүгүндөгү жолдорду оңдоп жатканы айтылды.


Буга чейин ишкананын кызматкерлери бир катар көчөлөрдөгү чуңкурларды жамаганы кошумчаланды.


"Калаанын борбордук көчөлөрүндөгү иш жыйынтыкталгандан кийин адистер экинчи даражадагы көчөлөргө өтүшөт", — деп жазылган маалыматта.


Иш маалында милициянын кайгуул-күзөт бөлүмүнүн кызматкерлери жол кыймылын жөнгө салууда.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн