Чын курандын 19, 2025
Убакыт: 04:48
USD
86.90
87.40
EUR
98.50
99.50
RUB
1.050
1.095

Мэрия Шүкүров көчөсүндөгү объектилердин ээлерин сотко берди

30.09.2022 09:09
809
Мэрия Шүкүров көчөсүндөгү объектилердин ээлерин сотко берди


Муниципалдык инспекция Шүкүров көчөсүндө муниципалдык аймакка чыгып кеткен капиталдык тосмолорду жана жеңил курулуш объектилерин тазалоону улантууда. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы билдирди.


Маалым болгондой, жолду реконструкциялоо иштери аяктап, асфальт төшөлдү. Бирок тротуарларды куруу үчүн муниципалдык аймакка кирип, курулушка тоскоол болгон тосмолорду бузуу зарыл.


Бүгүнкү күндө инспекция тарабынан 61 объект (тосмо, дарбаза, тосмолор, бастырмалар, гараждар) бузулду.

29-сентябрда инспекция №166- үйдүн капиталдык тосмосун түрттүрдү.


10 тосмо калды. Муниципалдык инспекция объектилердин ээлерине каршы сотко доо арыз менен кайрылган.


Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн