Чын курандын 26, 2024
Убакыт: 09:34
USD
88.90
89.70
EUR
95.00
96.00
RUB
0.955
0.980

Мэрия кичи автобус ээлерин жумуш таштоого чыкса кандай чара көрүлөрүн эскертти

15.01.2021 14:34
550
Мэрия кичи автобус ээлерин жумуш таштоого чыкса кандай чара көрүлөрүн эскертти


Борбор калаадагы кичи автобустардын айдоочулары кайрадан иш таштаса, анда мэрия Транспорт министрлигине эл ташуучулардын лицензиясын жокко чыгаруу өтүнүчү менен кайрылат. Бул тууралуу шаардык транспорт башкармалыгынын убактылуу башчысы Улан Бейшенбаев брифингде билдирди.


Анын айтымында, Бишкек мэриясы айдоочулар талап кылган жол акыны көтөрүү маселесин кароого даяр эмес. "Бирок ал маселе убагы келгенде каралат" деп Улан Бейшенбаев бир нече жолу кайталап, бирок, бул тууралуу кененирээк сөз кылган жок.


Бейшенбаев транспорттук компаниялардын жетекчилерине эскертүүлөр берилгенин кошумчалады. Ага ылайык, эгерде маршруттук таксилердин айдоочулары ишин токтото турган болсо, анда аларга мыйзам чегинде чаралар көрүлөт. "Элди ташууга лицензияны Транспорт министрлиги берет, биз болсо аны жокко чыгаруу үчүн кайрылабыз", - деди ал.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн