Борбор калаада Түгөлбай-Ата жана Раззаков көчөлөрүнүн кесилишинде «Бишкекжашылчарба» муниципалдык ишканасынын жумушчулары тарабынан жаңы сейил бак курулду. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы кабарлады.
Кичи эс алуу аймагы турак-жай имараттарынын жана коомдук мекемелердин жанында жайгашкан. Ыңгайлуу жайгашкандыктан, шаардыктар эс алуу убактысын үйдүн жанында өткөрө алышат.
Паркта отургучтар, көптөгөн турниктер жана машыгуу жабдуулары бар жана айланасы тосмо менен тосулган.
Эске сала кетсек, буга чейин бул жерде мыйзамсыз күркөлөр болгон.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн