Бугу 18, 2024
Убакыт: 23:53
USD
88.20
89.10
EUR
95.40
96.40
RUB
0.960
0.975

Мэриянын жыйынында кышка даярдык, ишембилик, таштанды маселеси талкууланды

12.09.2022 14:14
595
Мэриянын жыйынында кышка даярдык, ишембилик, таштанды маселеси талкууланды


Мэр Эмилбек Абдыкадыровдун төрагалыгы астында муниципалитетте пландык кеңешме өткөрүлдү.  Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы билдирди.


Маалыматка ылайык, кеңешменин жүрүшүндө Кыргыз Республикасынын Президентинин “Улуттук тазалык күнү жана 2023–2025-жылдар мезгилинде тиричилик калдыктарын иштетүү боюнча натыйжалуу инфраструктураны түзүү боюнча иш-аракеттер планы жөнүндө”  Жарлыгын ишке ашыруу, таштандыларды кайра иштетүүчү завод куруу, Бишкек курултайын өткөрүү жана алдыдагы жылытуу мезгилине даярдык маселелери талкууланды.


Биринчи маселе боюнча борбордун вице-мэри Олег Попиков маалымдагандай, 17-сентябрда борбор калаада массалык ишембилик өтөт. Негизги басым бекитилген участокторго ылайык короо ичиндеги аймактарды тазалоого багытталат.

 

Шаар башчысы жогору турган документти ишке ашыруу боюнча иш-чаралардын конкреттүү планын иштеп чыгууну тапшырды. "Тазалык" муниципалдык ишканасына таштандыларды өзүнчө чогултуу үчүн тиешелүү таштанды контейнерлерин сатып алуу боюнча сунуштарды берүү, ал эми акимиаттарга пилоттук долбоор ишке ашырыла турган даректерди аныктоо тапшырылды. Ошондой эле борбор калаанын мэри "Бишкасфальтсервис" МИсине шаардык жолдордо жол белгилерин түшүрүү жана тротуарларды оңдоо боюнча иштерди тездетүүнү тапшырды.



Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн