Конституциянын жаңы долбоору бүгүн, 2-мартта Жогорку Кеңештин комитетинде карала баштады.
Депутат Мыктыбек Абдылдаев дароо эле Конституциянын жаңы долбоорун сынга алды. Анын айтымында, жаңы долбоор башка мамлекеттердин баш мыйзамынын топтолмо көчүрмөсү.
"Конституция биринчи жолу кыргыз тилинде жазылды деп кантип уялбай айтып жатасыңар? Мен карап чыксам бул долбоор Германия, Америка, Испания жана Португалиянын Конституциясынан шашпай көчүрүлүп алынган",- деди эл өкүлү.
Пикирлер (4)