Тогуздун айы 06, 2024
Убакыт: 09:28
USD
84.60
85.10
EUR
92.70
93.70
RUB
0.880
0.925

Мыктыбек Абдылдаев: Жаштар кыйынбыз дейсиңер көрсөтпөйсүңөрбү, кол койгонго акыл керек эмес (видео)

18.05.2021 15:03
11326
Мыктыбек Абдылдаев: Жаштар кыйынбыз дейсиңер көрсөтпөйсүңөрбү, кол койгонго акыл керек эмес (видео)

Жогорку Кеңештин депутаты Мыктыбек Абдылдаев тармактык комитеттин отурумунда Баткен облусуна өзгөчө статус ыйгаруу боюнча долбоорду сынга алды.


Анда депутат жаштардын пиар менен алектенгенине нааразы болду.


"Бул долбоорго буйрукту ким берди, кимге жүктөдү десем жооп бере албайсыңар. Анан эле жаштар кыйынбыз дейсиңер. Кана кыйын болсоңор көрсөтпөйсүңөрбү? Жаштар пиар менен эле алектенип калды. "Мозговой атакага" келгенде нөлсүңөр. 

Кайра эле анан инструкторлор жазып берген нерсени окуп бересиңер. Кол койгонго акылдын кереги жок. Жетекчи деген өзүнүн акылы менен бардык конкреттүү пункттарды киргизиш керек. Баткен бир жылда мындай, эки жылда мындай, 10 жылда мындай болот деп так көрсөтүш керек",- деди Абдылдаев.


Пикирлер (1)

Коопсуздук коду
Асылкан
Азаматсыз, туура кол койгонду эле билсе болду дейин десен, калганын озунон откон чала сабатар жазып берип жатпайбы, прогресс жок регенерации журуп аткандай