Бугу 16, 2024
Убакыт: 18:10
USD
88.40
89.30
EUR
95.80
96.80
RUB
0.960
0.980

Мыктыбек Абдылдаев саясаттан кетеби?

04.06.2020 12:16
980
Мыктыбек Абдылдаев саясаттан кетеби?


“Бир Бол” партиясынын өкүлү Мыктыбек Абдылдаев, бул чакырылышта шайлоого катышпоо чечимин кабыл алды. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин депутаты Алтынбек Сулайманов теле каналдардын бирине берген маегинде билдирген.


Анын айтымында, кесиптеши ага жаңы команда топтого көмөктөшөрүн айткан.


“Бизде Чолпон Жакупова деген эжекебиз болгон. Ал эки жылдай депутат болду дагы, анан кетип калды. “Мен силердин саясатыңарга макул эмесмин. Силердин сүйлөгөнүңөр менен жасаганыңар бөлөк экен. Мен парламенттин ичин өзгөртө албашымды түшүнүп, мен кеттим” деди. Менин суранганыма карабай кетип калды.


Ошондой эле азыр биздин аксакалыбыз Арстанбек Абдылдаев бар. Айтып жатат “Алтынбек мен бул чакырылышта жөн эле коёюн, силерге баш-көз болуп берейин. Сен азыр жакшы ойлоруңу айтып жатасың. Ошондой билимдүү, жаратман, акчага таянбаган команданы түзгөнгө аракет кыл. А мен жардам берейин. Бул чакырылышта эс алайын” деп отурат. Мен ошонун аракетиндемин”, - деп Мыктыбек Абдылдаевдин сөзүн келтирген.


Ошондой эле Сулайманов учурда өзүнүн командасын чогултуп жатканын билдирген.


“Акчага эмес, өзүнүн аракетине таянган уул, кыздар менен сүйлөшүүдөмүн. Көпчүлүгү баш тартып жатышат. Жаштар бул багыт менен иштесе Мыктыбек Абдылдаев менен Чолпон Жакуповалар калган жагдайда калып каларын, маселелер баштагыдай эле таасирлер менен чечилип, алар ордунда эле каларын билдирип, баш тартып жатат” - деген Сулайманов.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн