Президенттикке талапкерлердин бири Мыктыбек Арстанбек шайлоо жыйынтыгы боюнча өзүнүн пикирин билдирди. Бул тууралуу ал өзүнүн Ютуб каналында кайрылуу жасаган.
"Биз коомго ылайык, жаңы коомдун үлгүсүн, жаңы маданиятты көрсөтүүнү каалайбыз. Саясат балит деген түшүнүктөн элди арылтып таза саясий айдың түзүүнү каалайбыз. Элге таза кызмат кылуу үчүн колдон келген аракетти кылабыз.
Биринчи кадам катары, саясий партия түзөбүз. Эл үчүн кызмат кыла турган гана уул-кыздарды катарыбызга чакырабыз. Январь айынын аягына чейин жаңы партия түзүп, съезд өткөрүп, өз платформабызды жарыялайбыз",- деди Арстанбек.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн