Садыр Жапаровго элдин сүйүүсү болуп жатат. Мындай пикирин президенттикке талапкер Мыктыбек Арстанбек журналисттин суроосуна жооп берип жатып билдирди.
"Садыр Жапаров региондордо эл менен жолугушууда адамдардын көп келип жатканы кошоматчылыкпы же сүйүүбү?", - деген суроо узаткан журналист.
"Кошоматчылык ар бир бийликте турган адамга болот. Бул жерде чындыкты айтып коёюн, азыр элдин сүйүүсүн көрүп турам. Ошол эле рахматылык Чубак ажыга элдин кандай сүйүүсү болду. Бир кезде Бакиевге да ушундай мамиле болгон. Менин эсимде бар. Азыр моюнга алыш керек Садырга элдин колдоосу бар", - деди Мыктыбек Арстанбек.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн