Бугу 17, 2024
Убакыт: 18:19
USD
88.30
89.20
EUR
95.50
96.50
RUB
0.960
0.980

Мыктыбек Арстанбек депутат инисине эмнеге нааразы болду?

22.05.2023 10:42
980
Мыктыбек Арстанбек депутат инисине эмнеге нааразы болду?


Кечээ бир “укам” менен учурашып калдым. Мурда “ажыке” деп чуркап келчү. Азыр ЖК депутаты. Машинеде чалкалайт бала. Мындай пикирин коомдук ишмер Мыктыбек Арстанбек  социалдык тармактагы баракчасына жазды.



"Сөзү араң чыгат. Же мени түшүп учурашат дедиби, же түшкөндө жанындагылардан тартындыбы, айтор бала образда отуруп сүйлөдү. Ким билет, балким менин кадырым калбагандыр ага. Канткенде да “укам” аман болсун. Болгону мурдагы жөнөкөйлүгү жоголуп, жылдызы өчпөсүн деп калдым. А кадыр жерге кирсин",- деп жазды Арстанбек.

Пикирлер (1)

Коопсуздук коду
Мухамадали
Мыктыбек сен жакшы инсансын жана жакшы инсандын перзентисин.Аллах менен мамиленди ондо Аллах инсандардын сага болгон мамилесин Озу ондоп койот.Динсин инсан колуна байлык бийлик келгенде озгоруп калат.Ошондуктан Жалгыз Жаратканга мамиленди ондо