Италиянын “Милан” командасынын оюнчулары менен машыктыруучусу коронавируска каршы күрөшүү үчүн 1 миллион евро бөлдү. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыкты.
Маалыматка ылайык, каражат COVID -19 дарты менен күрөшүп жаткан Ломбардия аймагынын ооруканасына берилген.
Буга чейин команданын ээси Жорджо Армани коронавируска каршы 1,25 миллион евро бергени да айтылат.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн