Чын курандын 27, 2024
Убакыт: 07:14
USD
88.90
89.70
EUR
95.00
96.00
RUB
0.955
0.980

Милиция БШКнын мүчөлөрүн суракка алып кетүүгө аракет кылууда, - БШК

21.10.2020 16:53
444
Милиция БШКнын мүчөлөрүн суракка алып кетүүгө аракет кылууда, - БШК

Борбордук шайлоо комиссиясынын имаратына ИИМдин кызматкерлери келип, БШКнын мүчөлөрүн күбө катары суракка алып кетүүгө аракет кылышты. Бул тууралуу бүгүн, 21-октябрда БШКнын басма сөз кызматы билдирди.


Маалыматка караганда, тергөөчүлөр кошумча милиция кызматкерлерин чакырышты.


"Бул мыйзамсыз жана БШКнын ишине кийлигишүү болуп саналбайбы?", - деп суроо салды БШКнын басма сөз кызматы.


Белгилүү болгондой, учурда БШКда төрайымдын орун басары Абдыжапар Бекматов, БШКнын мүчөлөрү Кайрат Осмоналиев жана ГүлнараЖурабаева бар.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн