Бугу 16, 2024
Убакыт: 14:53
USD
88.40
89.30
EUR
95.80
96.80
RUB
0.960
0.980

Милиция Бишкекте массалык мушташка катышкан чет өлкөлүк жарандарды издеп жатат

11.11.2022 09:35
301
Милиция Бишкекте массалык мушташка катышкан чет өлкөлүк жарандарды издеп жатат

Социалдык тармактарда Бишкектин борборундагы массалык мушташ боюнча видео тарады.


Шаардык ички иштер башкы башкармалыгынын басма сөз кызматы билдиргендей, милицияга Жеңиш аянтында азиат түспөлүндөгү белгисиз адамдардын ортосунда жаңжал чыккандыгы тууралуу билдирүү түшкөн.


"Бул факты Бишкектин Свердлов райондук ички иштер башкармалыгында каттоого алынып, тергөөгө чейинки текшерүү иштери башталган.

Учурда Свердлов райондук ички иштер башкармалыгынын кызматкерлери мушташка катышкандардын бардыгын аныктоо боюнча издөө иштерин жүргүзүп жатышат", - деп айтылат маалыматта.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн