Аяк оона 21, 2024
Убакыт: 11:32
USD
84.00
84.50
EUR
93.30
94.30
RUB
0.900
0.940

Милиция Сүлүктүдө мал уурулуктун алдын алууда

24.12.2021 16:55
887
Милиция Сүлүктүдө мал уурулуктун алдын алууда


Жаңы жыл майрамына карата Сүлүктү милициясы эл арасында кылмыштуулуктун алдын алуу жана болтурбоо, коомдук тартипти сактоо максатында 24-декабрдан 26-декабрга чейинки аралыкта калк арасында комплекстүү түшүндүрүү иштерин жүргүзүүдө. Бул Баткен ОИИБнын Басма сөз кызматы билдирди.


Мал уурулуктардын алдын алуу, көчө кылмыштарын болтурбоо жана үй-бүлөлүк зордук-зомбулуктарга жол бербөө максатында кызматкерлер топторго бөлүнүп алып күндүзгү жана түнкү смендерге бөлүнүп ар бир көчөлөрдө иш алып барууда.


Сүлүктү шаарында быйылкы жылы бети ачылбай калган мал уурулук фактылары жок. Шаарда негизинен көчө кылмыштары, үй-бүлөлүк зордук-зомбулуктар катталып, быйылкы жылы 15жаранга коргоо ордери берилген.



Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн