Бугу 17, 2024
Убакыт: 12:05
USD
88.30
89.20
EUR
95.50
96.50
RUB
0.960
0.980

Милиция бөлүмүндөгү баңгизатты сатууга шектелип ИИМдин кызматкери кармалды

28.01.2022 18:58
605
Милиция бөлүмүндөгү баңгизатты сатууга шектелип ИИМдин кызматкери кармалды

Баңгизат каражаттарын уурдаган Ички иштер башкармалыгынын кызматкери камакка алынды, - деп билдирет Башкы прокуратураынн басма сөз кызматы.


Маалыматка ылайык, Бишкек шаарынын Биринчи май райондук прокуратурасы тарабынан ИИМдин Ички коопсуздук кызматы менен биргеликте Биринчи май райондук Ички иштер башкармалыгында кылмыш иштердин алкагында буюм далил катары табылган баңги каражаттардын сакталышы боюнча текшерүү жүргүзүлдү.


Текшерүүдө Биринчи май райондук Ички иштер башкармалыгынын кызматкери кылмыш иш боюнча буюм далил катары өткөрүлүп берилген салмагы 10 килограмм 758 грамм “гашиш” түрүнө кирген баңгизат каражаттарын сатып өткөрүү максатында атайын сактоочу камерадан уурдагандыгы аныкталган.


Бул факты боюнча райондук прокуратура тарабынан Кылмыш-жаза кодексинин 286-беренеси (“Баңгизат каражаттарын же психотроптук заттарды уурдоо же болбосо опузалап алып коюу”) менен кылмыш иши козголуп, Биринчи май райондук ИИБнын башкармалыкты камсыздоонун старшинасы М.С.С., камакка алынды.


Кылмыш иштин тергөөсү улантылууда.


 

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн