Аяк оона 20, 2024
Убакыт: 21:40
USD
84.00
84.50
EUR
93.30
94.30
RUB
0.900
0.940

Милиция гидропостторду текшерип, суунун ашыкча агып жатканын аныктады

24.06.2021 13:51
1888
Милиция гидропостторду текшерип, суунун ашыкча агып жатканын аныктады


Милиция кызматкерлери Чоң Чүй каналындагы Москва районун суу менен камсыздаган 22 гидропост менен шлюзду текшерип, эреже бузулганын аныктады. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы билдирди.


Маалыматка караганда, милиционерлер суу постторуна көзөмөлдү күчөттү. Алар 24-июнга караган түнү текшерүү иштерин аткарышкан.

"Натыйжада Москва районуна 16,5 куб метр суу киргени, анын 1,3ү агып кеткени маалым болду. Мындан сырткары, Р-19-3 гидропостунун шлюзу ачык бойдон калып 200-250 литр суу агып жатканы аныкталды. Суу колдонуу бөлүмүнүн адиси Ш.Т. шлюз жабылбай калганын моюндаган. Буга байланыштуу департаменттин директору кызматтык иликтөө жүргүзүүнү тапшырды", — деп жазылат маалыматта.

Р-20-1 гидропостунун шлюзу авариялык абалда болгондуктан 159 литр суу агып кеткен. ЧЧКнын көйгөй көп жараткан 7-посту Москва РИИБинин көзөмөлүнө алынды.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн