Бугу 18, 2024
Убакыт: 21:39
USD
88.20
89.10
EUR
95.40
96.40
RUB
0.960
0.975

Милиция кызматкери болуу – кесип эле эмес, тагдыр! Кулгельди Качкынбаевден маек

26.05.2020 14:32
1099
Милиция кызматкери болуу – кесип эле эмес, тагдыр! Кулгельди Качкынбаевден маек


Өлкөдөгү өзгөчө кырдаал жана өзгөчө абал учурунда жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо боюнча башкы башкармалыгынын борбордук жана аймактык кызматкерлери илдеттин алдын алууда кандай иштерди аткара алды? Бул тууралуу аталган башкармалыктын ардагерлер кеңешинин төрагасы, милициянын отставкадагы подполковниги Кулгельди Качкынбаев өз маегинде баам салды.


- Ички иштер органдарынын, анын ичинде жол кыймылынын коопсуздугун көзөмөлдөгөн жер-жерлердеги кызматкерлердин карантин убагындагы иштерине кандай баа бере аласыз?


- Өзүңөр көргөндөй, республиканын аймактарында бул кызматтын өкүлдөрү күчөтүлгөн тартипте иш алып барышты. Санитардык-карантиндик посттордо жана кыймылдап жүрүүчү мобилдик топтордун баарында жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо, жарандардын саламаттыгын коргоо максатында күнү-түнү жүрүштү. Буга чейин биздин убакта киргизилген өзгөчө абал шартынан айырмаланып, бул жолу адамдын өмүрүнө байланыштуу болгон инфекциялык илдеттин биринчи жолу келиши оорчулук туудурду. Бирок биздин кызматкерлер буга дагы туруштук беришти, түшүндүрүү иштерин жүргүзүштү. Талаптарды түшүнүү менен кабыл алганы дагы болду, түшүнбөй туура эмес кабылдагандар да болду.


- COVID-19 илдети менен күрөшүү үчүн көрүлгөн чаралар канчалык деңгээлде натыйжалуу болду деп ойлойсуз?


- Бул илдет дүйнөгө тараган жаңы инфекциялардан болгондуктан анын алдын алууга карата дүйнөлүк колдонулган ыкмалалар бизде дагы мыкты өткөнүнө күбө болдук. Өкмөт тарабынан жүргүзүлгөн иш-чаралар, алдын алуу жумуштары, жугуштуу илдеттин жайылышын алдын алууга чоң мүмкүнчүлүк болду. Илдеттин алдын алууда жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын бардык республика аймагындагы кызматкерлеринин иши мактоого татыктуу. Жол кыймылын көзөмөлдөгөн инспекторлор бөлүнүп берилген санитардык-карантиндик посттордо, шаар, айыл ичтеринде күндүн ысык-суугуна, жаан-чачынга карабай күнү-түнү дебей алдыга койгон милдеттерин аткарып жатышат.


- Мына, жаш кызматкерлер азыр катарга кошулуп жатышат, ушул жаш муунга кандай каалооңуз бар?


- Ооба, бизде азыр пилоттук долбоордо жаңы түзүм милициянын кайгуул кызматы башкармалыгы Бишкек шаарынын аймагында иш алып барып жатат, бул түзүмдүн 90%ы жаш кызматкерлер, андан башка дагы бизде курамда жаш кызматкерлер келип иштеп жатышат. Аларга кызматтык милдеттерин намыстуулук менен так аткарууларын каалап кетмекчимин. Жаш кызматкерлер мыйзамдуулукту ар дайым эстеп жүрөт деген үмүтүм бар. Ардагерлердин тажрыйбасы жана көп жылдар бою топтолгон жөндөмү жаштардын профессионалдык жактан калыптануусуна түрткү берет деп ойлойм.

Ички иштер органдарынын  кызматкери болуу - бул жөн гана кесиптин ээси болуш эмес, негизинен алганда бул - тагдыр. Бул коомдогу маанилүү кесиптердин бири гана эмес, ал үйдө, көчөдө, шаарда жана өлкөдө тартип менен мыйзамдуулук кармалып турган туруктуу күч. Жаштар, миллиондогон адамдардын ишенип берген өзүнүн өмүрү, ден соолугу, балдардын жана улгайган адамдардын жашоосу, биздин өлкөнүн тагдыры үчүн милдеттерин так аткаруусу зарыл деп белгилейм.


- Катардагы кызматкерлерге жана жалпы кыргыз элине кайрылууңуз барбы?


- Биздин башкы башкармалыктын ардагерлер кеңешинде жүздөн ашык ардагер бар, бул илдет башталганы биз дагы жөн отурганыбыз жок. ИИМдин Ардагерлер кеңеши менен биргеликте кызматкерлерге жардам көрсөтүп жаттык. Кызматкерлерге ысык тамак уюштуруп бердик. Май айынын 15-күнү каза болгон кызматкерлерибизди эскердик. Эми ардагерлер кеңешинин атынан жана ушул кеңештин төрагасы катары мен өз элиме жана кызматкерлерге ыраазычылык, ден соолук жана илдеттен сак, жумушуна так болуусун каалайм. Ошондой  эле жалпы кыргыз элим карантиндин бүтө электигин эске алып, карантиндин талаптарын аткарып, жөнү жок үйдөн чыкпай, эскертүүлөрдү түшүнүү менен кабыл алуусун сунуштайт элем. Темирдей тартип менен биримдикте биз бул илдеттин жайылып кетишине жол бербей, жеңип чыгабыз.


ИИМдин Басма сөз кызматы.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн