Аяк оона 20, 2024
Убакыт: 20:34
USD
84.00
84.50
EUR
93.30
94.30
RUB
0.900
0.940

Милиция кызматкерлери баңгизат сатууга аракет кылган жаранды кармады

16.09.2021 15:23
643
Милиция кызматкерлери баңгизат сатууга аракет кылган жаранды кармады

Күзөт кызматынын кызматкерлери баңгизатты сатууга аракет кылган шектүү жаранды кармашты. Бул тууралуу ИИМдин Күзөт кызматынын Басма сөз кызматы билдирди.


Кыргыз Республикасынын ИИМнин Күзөт кызматынын Бишкек шаарынын Октябрь райондук күзөт бөлүмүнүн 3-взводунун кармоо тобунун кызматкерлери өзүлөрүнө бекитилген аймакта кайгуул иштерин жүргүзүп жаткан маалында Бишкек шаарынын Анкара көчөсүнөн өтүп бараткан учурда, жолдун жээгиндеги аракети шек жараткан болжол менен 18-20 жаш чамасындагы жаранды байкашкан. 


Байкоо жүргүзгөндө, аталган жаран телефонунун жарыгын күйгүзүп, теректин түбүнөн темир буюм менен жерди казып, бир нерсе катып жаткандыгы белгилүү болгон. Текшерген маалда анын колундагы капчыгынан 6 даана кара жылтыракка оролгон ак түстөгү зат табылган.   

 Жаран ал каражатарды кичинекей кагазга ороп, катканга аракет кылган.  


Кармалган жаранды шектүү деп Бишкек шаарынын Октябрь РИИБнин тергөө бөлүмүнө жеткирилип берилген. Бул факт бирдиктүү реестрге катталып, тергөө иштери жүргүзүлүүдө. Дайындалган экспертизанын жыйынтыгы менен толук маалымат алынат.  


Алдын ала маалымат боюнча алынган ак түстөгү зат синтетикалык баңгизат болушу мүмкүн.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн