Бишкекте өзүн-өзү өлтүрүүгө аракет кылган жаран куткарылды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.
Маалыматка ылайык, Свердлов районундагы С.Ибраимов көчөсүнүн №70 дарегинде жайгашкан "Ringo Trade" брокердик компаниянын имаратында эркек адам (аты-жөнү такталууда) бычакты моюнуна такап өз өмүрүн кыюуга аракет кылган.
“Бирок куткаруучулар жеткенге чейин Ички иштер министрлигинин кызматкерлери аталган жаран менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүшүп, өз өмүрүн кыюудан сактап калышкан”, - деп айтылат маалыматта.
Жерине 5 куткаруучу тартылган.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн