Аяк оона 20, 2024
Убакыт: 21:48
USD
84.00
84.50
EUR
93.30
94.30
RUB
0.900
0.940

Милиция жөө адамды сүзүп качып кеткен жаранды кармады

06.07.2021 15:51
1028
Милиция жөө адамды сүзүп качып кеткен жаранды кармады


Милициянын кайгуул кызматынын издөө бөлүмү жөө адамды сүзүп, качып кеткен шектүү жаранды кармады. Бул тууралуу Милициянын кайгуул кызматынын басма сөз кызматы билдирет.


Маалыматка ылайык, 2021-жылдын 30-июлунда болжол менен саат 22:20 чамасында белгисиз айдоочу авто унаа менен Курманжан Датка көчөсүнөн түштүк тарапка бара жатып, Ереванский көчөсүнүн кесилишинен 2001-жылы туулган Н.С аттуу жаранды сүзүп, окуя болгон жерден качып кеткен. Натыйжада жөө жүргүнчү жабыркап, оор абалда ооруканага жеткирилген.


Бул факты боюнча милициянын кайгуул кызматынын издөө бөлүмү ыкчам издөө иш-чараларын жүргүзүп, “коопсуз шаар” долбоорунун алкагында орнотулган видео көзөмөлдөрдүн жардамы менен 2021-жылдын 5-июлунда кылмышка шектүү катары “Ваз-21150” үлгүсүндөгү авто унаанын 1981-жылы туулган Ф.Р. аттуу айдоочусун аныктап, Бишкек шаардык милициясынын Тергөө кызматына өткөрүп беришкен.


Ал эми шектүүнүн авто унаасы убактылуу токтотуучу айып короо жайына киргизилген.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн