Бугу 03, 2024
Убакыт: 04:29
USD
88.80
89.70
EUR
94.70
95.70
RUB
0.940
0.975

Милициянын бөлүм жетекчиси пара алып жаткан жеринен кармалды

03.07.2020 09:10
1343
Милициянын бөлүм жетекчиси пара алып жаткан жеринен кармалды


Жакында ишти оң жагынан чечип берем деп пара алууга аракеттенип жаткан региондордогу бөлүмдөрдүн биринин жетекчисин кармоо боюнча иш-чара жүргүзүлдү. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматынан билдирди.


Маалыматка ылайык, ИИМдин Ички иликтөө кызматына Т.А. аттуу адам кайрылып, арыздануучуга карата катталган сотко чейинки өндүрүштү оң жагына чечип берүү үчүн 80 000 сом өлчөмүндөгү акча каражатын опузалап талап кылып жаткан Ош облусунун Ноокат РИИБдин кызматкерине карата тиешелүү чараларды көрүп берүүнү суранган.


Аталган факты боюнча 326-берененин 1-бөлүмүндө (опузалап пара алуу) көрсөтүлгөн кылмыш белгилери менен сотко чейинки өндүрүш башталган.


Ыкчам-иликтөө иш-чараларынын жүрүшүндө Ош облусунун Ноокат районунун ИИБдин Тергөө кызматынын башчысы, милициянын майору С.А. маселени оң жагына чечип берүү үчүн пара алууну, тактап айтканда 80 миң сом акча каражатын алууну көздөө менен аны ишке ашырууга макулдашып жаткандыгы аныкталган.


Жогорудагылардын негизинде, 2-июль күнү ИИМдин Ички иликтөө кызматы Экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматынын кызматкерлери менен биргеликте ыкчам-иликтөө иш-чараларын жүргүзүү учурунда Ош облусунун Ноокат РИИБдеги кызматтык бөлмөсүндө 50 000 сом акча каражатын алып жаткан жеринен аталган ички иштер бөлүмүнүн башчысынын сотко чейинки өндүрүш боюнча орун басарынын убактылуу милдетин аткаруучу, ал ошол эле учурда Ош облусунун Ноокат РИИБдин Тергөө кызматынын башчысы, милициянын майору С.А. кармалды”, - деп атйтылат маалматта.


Учурда Экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматынын Тергөө башкармалыгы тарабынан иликтөө иштери уланып жатканы кабарланат.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн