Чын курандын 30, 2025
Убакыт: 00:06
USD
87.30
87.80
EUR
99.30
100.30
RUB
1.055
1.090

Милициянын имиджине терс таасирин тийгизген. Ленин райондук милициясынын кызматкери кызматынан бошотулду

08.12.2021 14:57
637
Милициянын имиджине терс таасирин тийгизген. Ленин райондук милициясынын кызматкери кызматынан бошотулду

Ленин райондук ички иштер башкармалыгынын башчысынын орун басары Жанара Мусаева ээлеген кызматынан бошотулду. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.


Маалыматка ылайык, Жанара Мусаева кызматтык тартипти одоно бузгандыгы үчүн кызматынан бошотулган. Бул боюнча кызматтык иликтөө жүргүзүлгөн.

"2021-жылдын ноябрь айынын аягында социалдык тармактарда милициянын имиджине терс таасирин тийгизген маалыматтын жарыяланганына байланыштуу Ленин райондук ички иштер башкармалыгынын башчысынын орун басары, милициянын майору Жанара Мусаевага карата кызматтык иликтөө жүргүзүлдү", - деп билдиришти ИИМден.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн