Бугу 15, 2024
Убакыт: 21:32
USD
88.40
89.30
EUR
95.30
96.30
RUB
0.960
0.980

Милициянын кайгуул кызматына демөөрчү жарандар Toyota Prius үлгүсүндөгү беш унааны белек кылды

24.08.2022 09:47
833
Милициянын кайгуул кызматына демөөрчү жарандар Toyota Prius үлгүсүндөгү беш унааны белек кылды

Кайгуул кызматына берилген Toyota Prius үлгүсүндөгү кызматтык унаалар толук кандуу ишке киришти. Бул тууралуу Кайгуул кызматынын маалымат катчысы Байказы Айтикул уулу билдирди.


Анын айтымында, Бишкек шаарынын аймагында коомдук коопсуздукту жана жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо, ошондой эле "102" багытындагы чакырууларды тейлөө багытында кызмат алып барып жаткан кайгуул кызматкерлерине көмөк көрсөтүү максатында, жалпы коомчулуктун коопсуздугуна жана кызматкерлердин кызматына кайдыгер карабаган патриот жарандар тарабынан Милициянын кайгуул кызмат башкармалыгына Toyota Prius үлгүсүндөгү беш кызматтык унаа тапшырылган.


Бүгүнкү күндө бул кызматтык унаалар толук кандуу техникалык кароодон өткөрүлүп, кошумча кызматтык жабдыктар менен жабдылып, шаар тургундарынын коопсуздугун камсыздоо үчүн, кызматка киришти.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн