Тогуздун айы 25, 2024
Убакыт: 08:32
USD
85.65
86.15
EUR
92.30
93.30
RUB
0.880
0.915

Милициянын кайгуул кызматынын кызматкери 10 миң сом пара алып жаткан жеринен кармалды

13.04.2023 11:35
283
Милициянын кайгуул кызматынын кызматкери 10 миң сом пара алып жаткан жеринен кармалды

Бишкек шаары боюнча Милициянын кайгуул кызматкери 10 миң сом пара алып жатканда кармалды. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинен билдиршти.

Маалыматка ылайык, Кызматтык текшерүүнүн материалы боюнча кызматтык иликтөөнүн жүрүшүндө "Рено-Логан" үлгүсүндөгү бузулган патрулдук автоунаага мыйзамсыз күйүүчү майды негизсиз эсептен чыгаруу фактысы аныкталган.


Аталган материалды кароодо Бишкек шаары боюнча милициянын кайгуул кызматынын У.Б. аттуу кызматкери маселени оң жагына чечүү үчүн ИИМдин Ички иликтөө кызматкерлерине 10 миң сом өлчөмүндөгү акча каражаттын сунуш кылган.


Бул факты боюнча КР Кылмыш-жаза кодексинин 345-бөлүмүндө 2-пунктунда ("Пара берүү") каралган кылмыш белгилери боюнча кылмыш иши козголгон.

Ошентип, 12-апрелде болжол менен саат 15:10 чамасында ИИМдин Ички иликтөө кызматынын кызматкерлери тарабынан Ички иликтөө кызматынын кызматык бөлүмдөрүнүн биринде 10 миң сом акча каражатын берип жаткан жеринен Бишкек шаардык Милициянын кайгуул кызматынын автотранспорт-чарба бөлүмүнүн инспектору Б.У. ИИМдин Тергөө кызматына жеткирилип, андан соң Бишкек шаарынын ИИББнын убактылуу кармоочу жайына киргизилген.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн