Чын курандын 19, 2024
Убакыт: 23:17
USD
89.10
89.87
EUR
94.30
95.30
RUB
0.940
0.960

Милициянын көчмө кызматы Жети-Өгүз районун кыдырууда

Милициянын көчмө кызматы Жети-Өгүз районун кыдырууда

Жети-Өгүз районунда кардын көп жаашынан улам, аймактын милициясынын жетекчилиги милициянын көчмө кабылдасы менен алыскы айылдарды кыдыруу иштерин уюштурууда.


Кызматтык автоунаанын жардамы менен милиция кызматкерлери райондун алыскы аймактарына барышып, анын жашоочуларынын ахыбалы менен жакындан танышууда. Ошондой эле, аларга жардам көрсөтүү менен бирге, жарандарды кабыл алышып, укуктук мүнөздөгү маселелер боюнча түшүндүрүү иштерин жүргүзүүдө.


Андан тышкары, алыскы айыл тургундары көчмө кабылдамада орнотулган телефон аркылуу акысыз чалууларды жүргүзүүгө мүмкүн алышууда. Райондук милициянын жетекчиси Тилек Түкөбаевдин айтымында, аба-ырайынын өзгөрүшүнүн кесепетинен алыскы айылдардын тургундары милициянын жакынкы пунктарына жеке эле жетиши кыйындабастан, ички иштер бөлүмүнө ыкчам кайрылууга мүмкүн ала калышбай калган. Ошондой эле, айыл жергесинде милициянын ыйгарым укуктуу өкүлдөрү көлөмү чоӊ тилкелерди тейлегендиктен, айрым учурларда чакырууларга өз убагында барууга шарт болбой калат.


«Ошондуктан биз тараптан, ушундай алыскы айылдарды кыдырып, алардын жашоочулары менен кезигүү иштери уюштурулган. Милициянын көчмө кабылдамасында элдердин ар кандай кылмыштар, укук бузуулар жөнүндө арыздары кабыл алынат. Алардын коопсуздугуна, же болбосо коомдук тартиптин бузулушу боюнча коркунуч болсо, жеринен мыйзам чегинде тийиштүү иш чаралар өткөрүлөт. Муну менен бирге, жашоочуларга укуктук маалымат берүү жана жарандар менен ишенимдүү мамилелерди түзүү, ошондой эле коронавирус пандемиясы учурунда санитардык ченемдерди сактоо боюнча түшүндүрмө иштерин колго алуу максаттары коюлуда», - дейт райондук милициянын жетекчиси.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн