Бугу 19, 2024
Убакыт: 09:08
USD
88.20
89.10
EUR
95.40
96.40
RUB
0.960
0.975

Милициянын куралынан каза болгон окуя эсиңиздеби? Үч милиция кызматкери абактан чыкты

17.11.2021 15:58
898
Милициянын куралынан каза болгон окуя эсиңиздеби? Үч милиция кызматкери абактан чыкты

Бишкекте ок тийип каза болгон Чыңгыз Абдыраевдин өлүмүнө байланыштуу кармалган кайгуул милициянын үч кызматкери эч жакка кетпөө боюнча тил каттын негизинде тергөө абагынан бошотулду. Бул тууралуу "Спутник Кыргызстан" маалымат кызматы билдирди.


Шектүүлөр Н. Абдиев, Э. Базаркул уулу жана А. Бекматов кылмышты жашырган деген шек менен кармалышкан. Алардын баш коргоо чарасын өзгөртүү боюнча райондук соттун токтому 15-сентябрда чыкканы коомчулукка бүгүн белгилүү болду.


Ал эми айдоочуну атып салууга шектелип кармалган кенже инспектор Д.Ж. учурда тергөө абагында экенин УКМКнын маалымат кызматы тастыктады.


Чыңгыз Абдыраев 27-август күнү Жибек жолу менен Гоголь көчөсүнүн кесилишинде Кайгуул кызматынын инспектору менен чатакташа кеткенден кийин табелдик куралдын огунан каза болгон.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн