Кытайда динозаврдын 70 миллион жылдык жумурткасы табылды. Бул тууралуу чет элдик маалымат булактары жазды.
Маалым болгондой, жумуртканын ичинде эмбриону бар бүтүн динозаврдын жумурткасы болгон. Анын жашы 66дан 72 миллион жылга чейин болушу мүмкүн.
Овирапторозавр эмбрионунун узундугу болжол менен 27 сантиметрди түзөт. Ал жумурткадан чыгууга аз калган учурда катып калган.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн