Аяк оона 21, 2024
Убакыт: 13:32
USD
84.00
84.50
EUR
93.30
94.30
RUB
0.900
0.940

Мындан ары КТРК жок. Президент Улуттук телерадиоберүү корпорациясына айландыруу мыйзамына кол койду

13.05.2022 21:10
543
Мындан ары КТРК жок. Президент Улуттук телерадиоберүү корпорациясына айландыруу мыйзамына кол койду

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров “Кыргыз Республикасынын Улуттук телерадиоберүү корпорациясы жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына кол койду. Бул тууралуу президенттин администрациясынын маалымат саясат бөлүмү билдирди.


Мыйзам Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан 2022-жылдын 6-апрелинде кабыл алынган.


Документ Коомдук телерадиоберүү корпорациясын Кыргыз Республикасынын Улуттук телерадиоберүү корпорациясына айландыруу аркылуу реформалоого багытталган.


Бул мыйзам телерадиоберүү уюмунун макамын, өлкөнүн маалымат мейкиндигинде жана мамлекеттик маалыматтык саясатты ишке ашырууда анын ролун жана ордун аныктайт.


Ошону менен бирге, документ редакциялык саясатты өз алдынча аныктоо үчүн шарттарды түзүүгө, маалыматтык продукциянын (контенттин) сапатын жогорулатууга, Кыргыз Республикасынын Улуттук телерадиоберүү корпорациясынын башкаруу чечимдерин өркүндөтүүгө багытталган.


Кыргыз Республикасынын бул Мыйзамы Кыргыз Республикасынын Президентинин 2021-жылдын 5-майындагы Кыргыз Республикасынын Коомдук телерадиоберүү корпорациясын реформалоо зарылчылыгы жөнүндө айткан өлкө элине кайрылуусун ишке ашырууга багытталган.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн