Мындан ары Кыргыз Улуттук академиялык опера жана балет театрында коммерциялык спектаклдер болбойт. Бул тууралуу 24.kg маалымат агенттигине театрдын директору, КРнын Эл артисти Керим Турапов билдирди.
Анын айтымында, мындан ары чет элдик артисттер чакырылбайт.
"Азырынча эч кандай чечим чыга элек. Мен Бишкекте эмесмин, бирок жакында борбор калаага барам. Окуянын чоо-жайын иликтеп көрөм. Балким, маселени укук коргоо органдары чечишет. Кантсе да, мен жана Маданият министрлиги кандайдыр бир жол менен өкмөткө отчет беришибиз керек”, - деди Керим Турапов.
Эске салсак, аталган театрда 6-мартта чет элдик артисттердин катышуусунда жаңжал чыккан.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн