Тышкы иштер министри Чынгыз Айдарбеков коронавирустан айыкты. Бул тууралуу ал социалдык тармактагы баракчасына жазды.
Анын айтымында, 11 күн дене табы көтөрүлүп, вирус менен күрөшкөн.
"Жараткандын жардамы менен калыбыма келдим. Убакыт жок, ал эми жумуш көп", - деп жазган ал.
Ошондой эле, ал биригүү менен коронавирусту жеңе турганына ишенерин айтып, баардыгына ден соолук, чыдамкайлык жана ийгилик каалады.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн