Аяк оона 20, 2024
Убакыт: 18:23
USD
84.00
84.50
EUR
93.30
94.30
RUB
0.900
0.940

Министр: Иштебесеңер эмнеге айлык алып жатасыңар?

18.01.2022 08:22
770
Министр: Иштебесеңер эмнеге айлык алып жатасыңар?

17-январда Өзгөчө кырдаалдар министрлигинде министр Бообек Ажикеевдин катышуусунда кезектеги жыйын өттү. Бул тууралуу министрликтин басма сөз кызматы билдирди.


Жыйында министр Ажикеев ӨКМ кызматкерлеринин ишин сынга алды.


"Өз ишиңерди аткарбасаңар эмне үчүн айлык алып жатасыңар? Жайдан бери натыйжа жок болуп жатат. Же кыдырып иштебейсиңер, же текшерүүгө барбайсыңар. Биз бул жерде жөн эле отуруш үчүн келген эмеспиз.

Анда тиешелүү чара көрүп жайдан берки айлыгынарды кайтарып алалы",- деди министр Ажикеев.

Теги

Пикирлер (1)

Коопсуздук коду
Медер Эмилбеков
Ажыкеев келгенге чейин көп иштерди айлык албастан эле жасап жатышкан. Экинчиден Ажыкеев өзү ишмердүүлүк көрсөткөндү билбейт, жумуш кызуу жүрүп жаткан жерге барып тоскоол болот. Үчүнчүдөн МЧС жердин түбүнө, суунун түбүнө, кардын түбүнө, жол кырсыктарына, өрт коопсуздугуна да өз милдеттерин так аткарып келе жатат. Публикага чыгып даттанбай коллектив менен ынтымак болуусу керек. Ажыкеевди көтөргөн да түшүргөн да коллектив. Коллективди колдоп келген башчылар давно генерал алып көк чай ичип ардактуу эс алууда