Бугу 17, 2024
Убакыт: 08:39
USD
88.40
89.30
EUR
95.80
96.80
RUB
0.960
0.980

Министр Каныбек Иманалиев эл аралык олимпиаданын жеңүүчүлөрү менен жолукту

07.09.2023 11:36
176
Министр Каныбек Иманалиев эл аралык олимпиаданын жеңүүчүлөрү менен жолукту


Билим берүү жана илим министри Каныбек Иманалиев эл аралык олимпиадаларда жеңишке жетишкен окуучулар жана алардын машыктыруучулары менен жолугушту. Бул тууралуу ведомствонун басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, Иманалиев дүйнөлүк билим жарыштарында Кыргызстандын намысын коргогон окуучуларды жеңиштери менен куттуктап, алардын бул ийгиликтеринде машыктыруучуларынын эмгеги чоң экендигин белгиледи.

"Кыргызстан Венгрияда өткөн XXXV информатика боюнча эл аралык олимпиадада 90 өлкөнүн ичинен 24-орунду ээлеп, Борбордук Азияда биринчи орунга чыкты. Бул биздин өлкө үчүн чоң жетишкендик жана сыймык", - деди министр.

Белгилей кетсек, 2023-жылдын 28-августунан 4-сентябрга чейин Венгриянын Зегед шаарында өткөн Эл аралык информатика боюнча олимпиадага Кыргызстандан 4 окуучу катышып, 1 күмүш жана 2 коло медаль жеңип алышкан.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн