Бугу 19, 2024
Убакыт: 03:30
USD
88.20
89.10
EUR
95.40
96.40
RUB
0.960
0.975

Министр Каныбек Иманалиев сабак учурунда түз эфирде TikTok'то отурган окуучулар окуган мектепке барды

07.03.2023 15:58
270
Министр Каныбек Иманалиев сабак учурунда түз эфирде TikTok'то отурган окуучулар окуган мектепке барды

Билим берүү жана илим министри Каныбек Иманалиев, Бишкек шаарынын вице-мэри Виктория Мозгачева жана Бишкек шаардык билим берүү башкармалыгынын жетекчиси Айнура Арстанбекова Бишкек шаарындагы №91 жалпы билим берүүчү мектеп-гимназияга барышты. Бул тууралуу министрликтин басма сөз кызматы билдирди.


Аталган мектептин окуучусу сабак учурунда түз эфирге чыгып, мугалимге туура эмес мамиле кылган видеосу социалдык тармактарга тараган.


Министр окуучу бала жана мугалим менен жолугушуп, баланы ар дайым мугалимди сыйлоого чакырды. Окуучу түз эфирде кылган жосунсуз жоругу үчүн эжейинен жана жалпы мугалимдерден кечирим сурап, экинчи кайталабоого сөз берди.


Каныбек Иманалиев жетекчиликке балдар жана ата-энелер үчүн психологдор менен жолугушуу уюштурууну, класстык тарбиялык сааттарды өтүүнү тапшырды.


“Эгерде сен Акжол Махмудовдой чемпион болом десең мен сага жардам берем. Айсулуу Тыныбекованы, Акжол Махмудовду дагы эжей-агайлар окуткан. Мен агай-эжелерди сыйлап жүрүп, министр болдум. Мен мугалимди сыйлагандардын баары менен дос болом. Биз мугалимди коргой албасак, чек араны кантип коргойбуз?”, - деди министр.


Каныбек Иманалиев мамлекеттик саясат дагы мугалимдерди колдоого багытталганын белгилеп, Президент билим берүү тармагын өнүктүрүүгө өзгөчө көңүл буруп жатканын айтты.


Ошондой эле министр кайсы окуучу жакшы эжей, мектеп, билимдин баркы жөнүндө ролик жасаса, окуучуларга атайын сыйлык бере тургандыгын кошумчалады.  

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн